TezJet

1-октябры 2025 жылдын

TezJet учагы Бишкек менен Делини ортосунда түз каттамдарды жүргүзөт»

TezJet Airlines компаниясынын президенти жана башкы директору мырза Арун Кумар Сингхтин билдирүүсү

«Биз Бишкек менен Делини туташтырган түз каттамды ишке киргизүү менен эл аралык тармагыбызды кеңейтүүгө кубанычтабыз. Бул жаңы маршрут туризмди жана ишкерлик байланыштарды чыңдап гана тим болбостон, жүргүнчүлөрүбүзгө дагы ыңгайлуу саякат мүмкүнчүлүктөрүн берет. Индия биз үчүн маанилүү багыт болуп саналат, жана биз жүргүнчүлөрдү бортубузда тосуп алууну чыдамсыздык менен күтөбүз».

Түз каттам жол убактысын кыскартып, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы маданий алмашууга, туризмге жана соодага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Билет тууралуу маалымат

Бишкек–Дели каттамына билеттерди TezJet’тин расмий сайты www.flytezjet.com аркылуу, ыйгарым укуктуу агенттиктерден же сатуу кеңселеринен сатып алууга болот.

Каттамдын графиги

Рейс № Учуу шаары Багыт Учуу убактысы (STD) Келүү убактысы (STA) Аткарылуучу күндөрү
1601 Бишкек (BSZ) Дели (DEL) 13:30 16:00 жекшемби
1602 Дели (DEL) Бишкек (BSZ) 17:00 20:30 жекшемби
  • Бардык убакыттар жергиликтүү убакыт менен көрсөтүлгөн.
  • Учак түрү: MD83

TezJet Airlines жөнүндө

TezJet Airlines — Кыргызстандагы алдыңкы авиакомпания, жүргүнчүлөргө коопсуз, ишенимдүү жана жеткиликтүү аба каттамдарын сунуштайт. Компания ички жана эл аралык тармагын кеңейтип, жүргүнчүлөрдү маанилүү багыттар менен бириктирип, жогорку деңгээлдеги тейлөөнү жана ыңгайлуулукту камсыз кылууда.

Тиркемени Tez жүктөп,
ыңгайлуу учуңуз!

Бул QR кодду сканерлеп,Tez тиркемесин жүктөп алыңыз